Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Он айда Кумтөрдөн 9 тонна 316 килограмм алтын казылды

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр кенинен 2024-жылдын 10 айында (январь-октябрь) 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрүлгөнүн, негизи 9 тонна 197 килограмм алтын алынат деп план коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-ноябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты.

“Жылдын аягына чейин 300 миллион доллардан ашык таза киреше алабыз деп турабыз. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр менен 10 миллиард 371 миллион сом котордук”, - деди ал.

4-октябрда “Кумтөр Голд Компани” Кумтөрдөн казылган тоотекте алтындын үлүшү төмөн болгондуктан кенден алтын өндүрүү быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз болорун кабарлаган. Ишкана бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгонун кошумчалаган.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Быйыл алтын коюлган пландан канчага аз өндүрүлөрү азырынча белгисиз.

“Кумтөр” 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл сентябрь айында Кумтөр кенинде алтындын жаңы кору табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирген. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus