Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Апрелчилер” СД партиясынын камактагы мүчөлөрү боюнча президентке кайрылды

“Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясы” 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылып, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбековду, Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди үй камагына чыгаруу сунушун беришти. Алар добуш сатып алууга байланыштуу коюлган айып негизсиз экенин айтышты.

“Үч кишини үй камагына чыгарып деле тергөөнү улантса болот. Себеби, алар коррупционер, террорист эмес. Мамлекетке эч качан зыян келтиришкен эмес”, - деп айтылат кайрылууда.

Апрель окуясына байланыштуу коомдук бирикмелер быйыл “Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясын” түзүп, ага Темирлан Султанбековду баш катчы кылып шайлашкан.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Темирлан Султанбеков милициянын убактылуу кармоочу жайында турганда 16 саат токтоосуз суракка алынганын, “бул процессуалдык жактан мыйзамсыз” деп даттанганын билдирген. Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus