Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жазуучулар союзунун 90 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракеси белгиленди.


Маданий саамалык Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун төрагасы Улугбек Есдаулет жана бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгармачыл союзду 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, чыгармачыл бирикмелерге шарттарды түзүү, анын ичинде чыгармачылык үйүн реновациялоо, адабий журналдарга колдоо көрсөтүү керек экенин белгиледи. Жапаров өз сөзүндө жаңы муунду тарбиялоодо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөдө адабияттын орду чоң экенине токтолуп, балдар адабиятынын өзгөчө маанисине токтолду:



"Ата-энелерди күн сайын уктаар алдында балдарына кеминде 15 мүнөт бөлүп, китеп окуп берүүгө чакырам. Окулган ар бир сөз балдардын логикасын жана фантазиясын өрчүтүп, эне тили жана маданияты менен байланышын чыңдайт. Бул жөн эле билим эмес, элибиздин келечегине инвестиция. Кыргыз чыгармаларын дүйнөлүк тилдерге жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу керек", - деди ал.


90 жылдык мааракеде акын-жазуучуларга “Алтын калем” баштаган бир катар сыйлыктар тапшырылды.


Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму.


1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын "Кызыл учкун" адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган.


Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы "Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү" токтому себеп болгон.


Чыгармачыл уюмга 2004-жылы Улуттук макам берилген.


Учурда Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.


Мамлекет быйыл бирикменин бардык карызын кечип, ишмердүүлүгү үчүн 15 миллион сом бөлүп берген. Кийинчерээк бул сумма 5 миллион сомго кыскарганы айтылган. Быйыл чыгармачыл союздун жайгашкан имараты оңдоп-түзөөдөн өттү.


Быйыл апрель айынан бери союзду мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жетектеп жатат. (MZh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus