Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Ташиевге кайрылган эже-сиңдинин батир маселеси чечилгенин билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактардан атайын кызматтын төрагасына жардам сурап кайрылган эже-сиңдилер Асель жана Асыл Максатбековаларды Камчыбек Ташиев 21-ноябрда кабыл алганын билдирди.


Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкектеги Чимкент көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашкан үй 2023-жылы каза болгон апасынан кыздарга мураска калган. 20 жана 12 жаштагы эже-сиңдинин атасы 2005-жылы жол кырсыгынан каза тапкан.


Үй-бүлө талашка түшкөн үйдө 2001-жылдан бери жашап, 2008-жылы кыздардын апасы Давлетова турак жайды ээси Сапегинден 3000 долларга (114 000 сом болгон) сатып алган. Ал белгиленген тартипте мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлгөн. Бирок мамлекеттик каттоо органына жиберилгенден кийин белгисиз себептерден улам каттоо жүргүзүлгөн эмес.




Сапегин каза болгондон кийин, турак жайга анын аялы жана кызы мураскер болуп калышкан. Ушундан улам алар Асель жана Асыл Максатбековалардан үйдү бошотууну талап кылган.


УКМК бул маселеде өкмөткө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ката кетиргенин билдирди. Жыйынтыгында үйдүн жанына көп кабаттуу үй салып жаткан курулуш компания эже-сиңдилерге үч бөлмөлүү эки батир берери айтылды. Компаниянын аты айтылган жок.


20-ноябрда социалдык тармактарда Асель жана Асыл Максатбековалардын атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуусу чыккан. Алар жашап жаткан үйү талашка түшкөнүн айтып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus