Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Беларуста дагы 32 саясий туткунга ырайым берилди

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко камакта жаткан саясий туткундар арасынан дагы 32 кишиге ырайым берүүнү чечкенин "Азаттыктын" беларус кызматы 20-ноябрда жазды. Бирок абакта дагы 1300дөй активист кармалууда.


Ырайым алгандар 24 эркек жана сегиз аял, алардын тогузу 50 жаштан ашып калган курактагылар экени кабарланды. Аты-жөнү жарыяланган жок, бирок баары "экстремизм үчүн" деп соттолгондор. Беларус бийлиги адатта мындай айыпты бийликти сындаган жарандарына, оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерине тагат.


Абактан бошотулгандан кийин алар тийиштүү мекемелердин көзөмөлүндө болот, анткени ырайым берилгени менен соттуулугу жоюлбайт.




Ушуну менен Беларуста быйыл жыл башынан бери саясий туткундарга алтынчы жолу ырайым жарыяланып жатат, жалпысынан 178 киши түрмөдөн чыкты.


Беларуста бийлик оппозицияны коркутуу, элдин нааразылыкка чыгышына жол бербөө максатында күч кызматкерлеринин атайын машыгуусун уюштуруп жатканын бозгундагы оппозиция лидери Светлана Тихановская билдирди.


2020-жылы Беларуста оппозициянын ири нааразылык акциясы Лукашенко кайрадан өзүн президент деп жарыялап алган шайлоодон кийин тутанган. Миңдеген кишилер митингге чыккан. Акция күч менен таркатылып, көпчүлүгү кармалып, камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт.


Кезектеги президенттик шайлоо 26-ноябрда өткөнү жатат. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus