Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жеке курулуш компанияларынан 1180 батир мамлекетке алынган

Кыргызстандагы жеке курулуш компаниялардан мамлекеттин баласына 1180 батир алынды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди.



Ал ондон ашуун компания мыйзамсыз менчиктеп алган жер тилкелерине үй тургузушканын, ал тилкелерге башка объектилер курулууга тийиш болгонун белгиледи:



"Мисалы, бул жер тилкеде балдар үйү курулушу керек болчу, бирок курулуш компаниясы аны мыйзамсыз алып, өздөрүнүн үйлөрүн курушкан. Мына бүгүн ошол компаниялар мыйзамсыз курулган объектилерин мамлекетке өткөрүп беришти".



Туманбаев айрым курулуш компанияларын атады, арасында "Кут", "Олокон", "Дубай", "Мурас", "Аалам строй", "Артвин строй" жана башкалар бар.



Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания да кыргызстандыктар үчүн 42 миң батир куруп жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул батирлердин алгачкылары быйыл декабрь айында ээлерине тапшырылат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлери эки түрдүү баада: үлүшчүлөр үчүн чарчы метри 1400 доллардан, кезекте тургандарга 700 доллардан сатылат.



Иш башкармалыктын башчысынын сөзүнө караганда, учурда 38 миң адам ипотекалык батир алуу үчүн кезекте турат.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин Кыргызстанда мыйзамсыз курулган, уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга айыпталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго тиешеси бар ишканалар курган деген жүйө менен Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларынан ондогон турак жайлар мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирген.


(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus