Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстан орус тилин колдоо борборун түзүү келишимин бекитүүдө

Казакстанда бүгүн 21-ноябрда парламенттин жогорку палатасы да "Орус тили боюнча эл аралык уюмду негиздөө тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, жактырды. Документ кечээ төмөнкү палатада биринчи окууда кабыл алынган. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.


Мындай уюмду түзүүнү өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.


Илим жана жогорку билим министри Саясат Нурбектин айтымында, уюмдун иши Казакстандын тил боюнча ички саясатын "чектебейт жана ага таасирин тийгизбейт".




"Анын максаты орус тилин расмий жана жумуш тили катары эл аралык жана аймактык өкмөт аралык уюмдарда, ошондой эле мамлекет аралык байланыш тили катары илгерилетүү болуп эсептелет", - деди министр.


Уюмдун башкы кеңсеси Орусиянын Сочи шаарында жайгашат. Орус тилине эл аралык колдоо көрсөтүү тууралуу келишимге 2023-жылы Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) президенттеринин Бишкектеги саммитинде кол коюлган. 2022-жылы Астана саммитинде Токаев мындай уюм түзүүнү сунуш кылганда Орусия президенти Владимир Путин анын идеясын Орусия колдобой коё албай турганын айткан.


Казак парламентинин Сенатынын эл аралык иштер комитетинин төрагасы Андрей Лукин келишимди бекитүү жараяны Орусияда, Беларуста, Кыргызстанда жана Өзбекстанда аяктаганын айтты.


Борбордун иши ар бир өлкө чыгарган мүчөлүк төлөмдүн эсебинен каржыланат. Казакстан 2025-2027-жылдары республикалык бюджетинен 131 миллион теңге сарптай турганы айтылды. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus