Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сербияда вокзалдагы кырсыкка байланыштуу 11 киши кармалды

Сербияда темир жол станциясынын чатырынын бир бөлүгү ураган кырсыкка байланыштуу жалпысынан 11 киши камакка алынганын 21-ноябрда прокуратура мекемеси билдирди.


Кармалгандар арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфраструктура министри Горан Весич жана темир жол тармагынын ишине жооптуу мурдагы жетекчи Елена Танаскович бар.


Аларга коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү тууралуу айыптар тагылды. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, ар бири 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок Горан Весич камакка алынбаганын, укук тартибин коргоо органдарынын сурагына гана катышканын айтып, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирди.




Кырсык быйыл 1-ноябрда борбор калаа Белграддан 70 чакырым аралыкта жайгашкан Нови-Сад шаарында болгон.


Станциянын кире беришиндеги бетондон жасалган чатыр тосмо урап, кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылган, дагы эки киши оор жараат алган. 1964-жылы курулган станцияда андан мурдараак оңдоп-түзөө иштери жүргөн. Бул ишти кытайлык China Railway International жана China Communications Construction, франциялык Egis жана венгриялык Utiber компаниялары биргелешип аткарышкан.


Курулуш тармагындагы коррупция болбосо мындай кырсык жаралмак эместигин айткан жарандар бир нече жолу нааразылык акциясын уюштуруп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Айрым жерлерде акция зомбулук менен коштолгон. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus