Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Абактагы Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызын УКМК да иликтеп жатат

Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.


Мекеменин маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.


KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу ушул жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын билдирген. Бул тууралуу ал 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурумдан кийин айткан.




 


Ишкер кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.


30-октябрда ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.


1-ноябрда Имамидин Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын айткан.


Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus