Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖКда мугалимдерге каршы укук бузууларга айыпты көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында мугалимдерге каршы укук бузууларга айып пулдун көлөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү.


Депутат Мирлан Самыйкожо Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге 1000 сом айып пул салынарын айтып, анын суммасын көтөрүү керек экенин билдирди.


“Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Бул токтобойт. Окуучулар шылдың кылат. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи”, - деди ал.


Ушундай эле маселени дагы бир депутат Кундузбек Сулайманов да көтөрдү.




6-ноябрда социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, “300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап, “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.


Билим берүү жана илим министрлиги окуя Бишкек шаарындагы №57 мектепте болгонун билдирип, “мугалимге ыдык көрсөтүү, анын беделин түшүрүүгө аракет кылуу – жол берилгис көрүнүш” деп маалымат тараткан.


Окуучунун апасы журналисттерге мугалим башка мектептен жаңы гана которулуп келген кызын урушканын айтып, ушундан улам жаңжал чыкканын билдирген.


Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда педагогикалык кызматкерлерге “Жылдын мыкты мугалими” жана “Мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди урушкан окуяны сынга алган. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus