Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте 10 айда мопед, скутер аралашкан жол кырсыгынан 10 адам каза болду

Бишкек шаарында соңку 10 ай ичинде эки дөңгөлөктүү автоунаа каражаты аралашкан 503 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 550 адам түрдүү жараат алган.


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.


Маалыматка караганда, шаардын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Glovo компаниясынын жетекчилери жана айдоочулары менен жолуккан. Анда айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын жол кырсыгына көп кабылган себептерин атаган.




Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн скутер, мопед, мотоцикл, электр чыгырыгы сыяктуу каражаттарды айдагандар жол эрежелерин сактабай жатканы тууралуу сын айтылып келет.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) буга байланыштуу буга чейин бир нече жолу рейд өткөргөн.


Мындан сырткары министрлик айдоочулук күбөлүккө кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштап жатат. (MKt)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus