Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Амстердамда кол салууга кабылган жарандарын эвакуациялоодо

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 8-ноябрда Амстердамга израилдик футбол күйөрмандарын эвакуациялоо үчүн эки учак жөнөткөнүн билдирди. Нетаньяху да, Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф да Израилдин "Маккаби Тел-Авив" клубунун күйөрмандарына каршы "антисемиттик кол салуу" болгонун айтышты.


Полиция маалымдагандай, 7-ноябрда Амстердамдын борбордук бөлүгүндө жергиликтүү жаштар жана Европа лигасында "Аякс" менен таймашкан өз командасын колдоо үчүн чогулган израилдик күйөрмандар ортосунда жаңжал тутанып, кеминде 57 киши кармалды.




"Аякс" 5:0 эсеби менен уткан оюн бүткөндөн кийин күйөрмандар стадиондон тынч чыгып кеткени, шаарда айрым жерлерде кагылышуу түндө башталганы маалымдалды.


Андан мурдараак стадиондун жанында "Маккаби Тел-Авивге" каршы палестиндердин акциясы өтөрү кабарланган, бирок Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаалдан улам жергиликтүү бийлик алардын жыйналышына уруксат бербей койгон.


Схоф "үрөй учурган", "таптакыр кабыл алынгыс" окуя болгонун белгилеп, Нетаньяхуга айыптуулар "аныкталып, жоопко тартыларын" айтканын билдирди.


Нетаньяху "Израилдин жарандарына атайылап кол салуу өтө олуттуу маселе катары караларын" айтып, Нидерланддагы жөөт коомчулугунун коопсуздугун бекемдөөнү талап кылды.


Жергиликтүү Amstel Television 5 (AT5) телеканалы шаардын борбордук райондорунда калайман мушташ жана бүлдүрүп-талкалоо болгонун көрсөттү.


Израилдин АКШдагы элчилиги Амстердамда "Маккабинин" жүздөгөн күйөрманы буктурмада калып, кол салууга кабылганын X социалдык түйүнүнө жазып:


"Күнөөсүз израилдиктерге кол салган жаалданган топ өзүнүн зомбулугун социалдык түйүндөр аркылуу сыймыктануу менен жайылтып жатат", - деди.


Былтыр октябрда бир күндө миңден ашуун кишиси өлтүрүлгөн, дагы жүздөгөн кишисин барымтага алып кетишкен окуядан кийин Израил палестиндер жашаган Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна каршы согуш жарыялаган. Согушту токтотуу аракеттери майнап бере элек. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 43 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын билдирүүдө. Израил жайкын тургундарга эмес, террорчуларга каршы күрөшүп жатканын айтууда. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus