Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Азербайжанда журналист "тыңчылык" үчүн 13 жылга кесилди

Азербайжанда сот саясий баяндамачы Назакат Мамедованы 13 жылга эркинен ажыратты. "Азаттык" радиосунун азери кызматынын маалыматына караганда, Баку сотунда кабыл алынган мындай өкүм ага каршы коюлган "Орусиянын пайдасына тыңчылык" деген айыптын негизинде чыкты.


Мамедова комментатор журналист катары жалпыга маалымдоо каражаттарына, YouTube порталындагы Alfa TV каналына чыгып жүрчү. Бир жыл мурда аны камап коюшкан, өкүмү 5-ноябрда жарыяланды.




Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы аны "Журналисттик ыйгарым укуктарын Орусиянын атайын кызматы менен кызматташуу үчүн колдонгон" деп айыптаган. Азери бийлиги Мамедованын YouTube каналы "ачыктан-ачык орусиялык материалдарды жана интервьюларды" көрсөткөн, бул үчүн ал Москвага байма-бай каттап, ошол жактан акча алып жүргөн жана орусиялык тыңчылар менен жашыруун жолугушууларды өткөрүп турган" деп эсептейт.


Мамедова өзү мындай айыптоолордун баарын четке кагып, Орусияга конференцияларга катышуу үчүн барганын, акча жол кире, сапар чыгымын жабууга берилгенин айтууда.


Соңку жылдары Азербайжанда бир нече журналист кармалып, түрмөгө отургузулду. Журналисттерди коргоо комитети медиа өкүлдөрүнө козголгон иштерди "жасалма" жана "саясатташкан" деп атоодо. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus