Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иорданияда жана Өзбекстанда "Манас" театрынын филиалы ачылат

Улуттук "Манас" театрынынын сунушу менен Иорданияда театрдын филиалы ачылат. Бул тууралуу "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбеков "Азаттыкка" билдирди.


Иорданиядагы "Манас" театры ошол жерде жашап, иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктар үчүн маданий борбордун ролун аткарат.


"Биринчиден, учурда Иорданияда үч миңге жакын кыргызстандык студент, эмгек мигранттары бар экен. Израилге, Египетке, Иракка, Ливанга жакын жайгашкан тынч мамлекет. Экинчиден, Иорданияда Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жок экен. Эми ал жерде кыргыздар Нооруз сыяктуу майрамдарда чогулуп, майрамап турушат. Театр аркылуу болгону үчүн баары акысыз болот", - деди Талантбеков.


Талантбеков театрдын имаратын иорданиялык ишкер Хайдар Тамими акысыз берерин жана ал жакта иштөө үчүн бир өкүл дайындаларын кошумчалады.




Улуттук "Манас" театрынын дагы бир филиалы коңшу Өзбекстанда ачылат. Театр жетекчилиги мындай сунуш кат менен Өзбекстандын маданият министрлигине, диаспораларга кайрылган.


Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрдын ишмердиги үчүн алгач борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнгөн.


2022-жылы "Манас" театрына мыйзамсыз баюуга айыпталып камакка алынган Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин мамлекеттин балансына өткөн үйү берилген.


2024-жылдын апрель айында "Манас" театрынын жаңы имараты ачылган. Имарат мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерде, "Ынтымак Ордонун" жанында. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.


“Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. 2022-жылдагы маалыматка караганда, бир жылдык бюджети 49 млн сом.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus