Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Германияда кармалган тажик оппозиционери мекенине жеткирилди

Соңку 13 жылдан бери Германияда жашаган тажикстандык саясий активист Дилмурод Эргашев мекенине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн 8-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.


Германияда Эргашевди депортациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өлкөнүн полициясынын өкүлдөрү аны Дүйшөмбү шаарына жеткирип, Тажикстандын коопсуздук кызматына өткөрүп берип кетишти.


Тажикстандын "Реформа жана өнүгүү үчүн" оппозициялык кыймылынан лидери Шарофиддин Гадоевдин айтымында, Эргашевдин саламаттыгына байланыштуу кооптонуу дагы эле бар, аны эч кимге азырынча жолуктуруша элек.


40 жаштагы Эргашев тажик президенти Эмомали Рахмондун башкаруусун кескин сындап жүргөн "Топ 24" оппозициялык кыймылынын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири катары белгилүү. 2024-жылы ал "Реформа жана өнүгүү үчүн" кыймылына кошулган.


Активистти быйыл октябрдын соңунда Клеве шаарында кармап кетишкен. Көп өтпөй жергиликтүү административдик сот аны 7-ноябрга чейин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Тарапташтары сот анын бул өлкөдөн саясий башпаанек сураган арызы каралып бүтө электиги тууралуу жүйөнү эске албай койгонун айтышкан.


Депортация кылынар алдында Эргашев тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылганы белгилүү болгон. Ага баштапкы медициналык жардам көсөтүлүп, абалына карабастан мекенине жеткиришкен. Тажик бийлигинин өкүлдөрү ал өзүнө кол салганы тууралуу кабарларды четке каккан. Бирок тарапташтары "Азаттык" радиосуна бийлик өкүлүнүн айтканын төгүндөөчү медициналык документтерди көрсөтүшкөн.


Кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia уюмунун жетекчиси Лейла Назгүл Европанын адам укуктары боюнча сотуна кайрылып, Эргашевдин ишин кайра карап чыгуу жана аны Германияга кайтаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин билдирди.


Укук коргоочулар Тажикстанда бийликти сындаганы үчүн кармалгандар катуу жазага, кыйноого, ал эми алардын жакындары ар кандай куугунтукка кабыларын айтышат. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus