Харрис Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Маалыматка ылайык, Харрис өз сөзүндө бийликти тынч өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Ал Вашингтондо өзү аяктаган Говард университетинде чогулган тарапкерлеринин алдында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө чыгып сөз сүйлөйт.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп жеңүүчү деп таанылышы үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270тен кем эмес добушун алып, атаандашы, Демократтар партиясынын талапкери Камала Харристен озуп чыкты.
АКШ администрациясы тараткан маалыматка караганда, Трампка президент Жо Байден да телефон чалып, куттуктады жана Ак үйгө жолугушууга чакырды. (RK)