Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстандын ТМУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 62% өскөнү айтылды

Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Бишкектеги саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы кайсыл өлкөлөр менен соода-алака кандай багытта өскөнүн белгилеген жок.


Ал соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында капиталдык салымдарды көбөйтүү, өндүрүлгөн товарлар менен тейлөө рыногун алмашууга багытталган документтерди иштеп чыгууга чакырды. Бул багытта өкмөт аралык сүйлөшүүлөр демилгелене турганын билдирди.



Жапаров 2025-жылы саммит "Түрк дүйнөсүн бекемдөө, экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана баарына коопсуздук" деген ураан астында өтө турганын айтты.



"Кыргызстан түрк мамлекеттер уюмунун аймагында санариптик интеграциясын тездетүү максатын көздөйт. Ал үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү максатында электрондук сооданы жөнгө салууга, транспорттук жана логистикалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, санариптик стандарттар менен сертификаттарды таанууга кызыкдарбыз. Электрондук кол тамгаларды өз ара таануу механизмдерин түзүүгө багытталган документтерди биргелешип даярдоого умтулабыз", - деди Жапаров.




Бишкек саммити бул ирет “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтүүдө.



Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.



Мунун алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. Анда мамлекет башчылар кол коё турган документтердин долбоорлору каралып, бекитилди.



Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus