Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Акаев: АКШда бийликке ким келбесин, башкы баалуулуктар сакталат

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Дональд Трамптын алдыга чыгышы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына кандай таасир этери тууралуу пикирин “Азаттыкка” бөлүштү.


“АКШда бийлик алмашканда баалуулуктар түп тамырынан өзгөрүп кетет деп айтууга болбойт. Анткени бул өлкөдө система иштейт, ал бир адамдан гана көз каранды эмес. Кыргызстанда бир адам бийликке келип башкаруу системасын, Баш мыйзамды өзгөртүп салышы мүмкүн. Бирок АКШда мамлекеттик институттар мурдагыдай эле иштеп, демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу башкы баалуулуктар ошол боюнча сакталып калат. Кыргызстандык айрым жарандар Трамп шайлоодон уткандан кийин мигранттарга чектөөлөр болот, виза алуу татаалдашат деп чочулашат. Менин пикиримде, бул маселелерге эч кандай таасир этпейт”, - деди ал.


АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан катышкан талапкер, өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп Флорида штатында шайлоочуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө шайлоодо утканын жарыялады.


Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.


Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек.


АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга узарткан.



Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus