Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270тен көп добушун алып, жеңишке жетти

АКШнын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен Associated Press жана CNN маалымдагандай, 5-ноябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен Дональд Трамп жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270ден кем эмес добушун алып, атаандашы Камала Харристен озуп чыкты. Азыркы саатка карата ага берилген добуштардын саны 277ни түзүүдө.


Республикачылардын талапкери, мурдагы президент Дональд Трамп жеңгенин өзү да шайлоочуларынын алдына барып жарыялады.




Демократтар партиясынын талапкери, азыркы вице-президент Камала Харрис азырынча билдирүү жасай элек.


Трамп Флорида штатындагы эл менен жолугушуусунда: "Биз балдарыбыз татыктуу жана силер татыктуу болгон күчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Американы жаратмайынча тынчыбайм", - деп айтып, шайлоо алдында берген негизги убадаларын кайталады.


Республикачылар партиясы Сенаттагы шайлоодо да ийгиликке жетишип, добуштардын көпчүлүгүн  алды.


Дүйнө лидерлери Трампты куттуктап, АКШ менен кызматташтыктын келечеги боюнча каалоо-тилектерин айтып жатышат.


5-ноябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен АКШнын кезектеги президенти ким болору, Өкүлдөр палатасындагы бардык 435 орунду алдыдагы эки жыл жана 100 орундуу Сенаттын үчтөн бирин алты жыл ким ээлей турганы аныкталууда. Мамлекет башчысы төрт жылга шайланат. Конгресстин жаңы курамы ишке жаңы жылдан тартып киришет. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus