Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек түрк дүйнөсүнүн санарип, Жалал-Абад туризм борбору деп аталды

2025-жылы Бишкек шаары Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик, Жалал-Абад шаары туристтик борбору деп аныкталды. Мындай чечим 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде кабыл алынганын жыйын соңунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Түрк мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган документ кабыл алынды.



ТМУнун Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев саммит алкагында жалпысынан 16 түрдүү документке кол коюлганын белгилеп, түрк кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошо турганын билдирди.



Уюмдун 6-ноябрда Бишкекте өткөн саммити “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өттү.




Ушуну менен ТМУга 2025-жылы төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.



Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жыйындын соңунда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени тапшырылды. Президент Жапаров уюмда Венгрия өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеп, Орбандын анын өнүгүшүнө кошкон салымы жогору экенин айтты.



Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан да кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus