Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министр Кулубаев: АКШ менен саясий диалог бар, макулдашуу боюнча иштеп атабыз

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” берген комментарийинде АКШ менен кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүү уланып жатканын айтты.


“Биз көп тараптуу байланышты өнүктүрүп жатабыз. АКШ менен болгон кызматташтык да биз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин кызматташтыкты кандай улантабыз, көрөбүз. АКШ менен азыр саясий диалог бар. Макулдашуу боюнча дагы иштеп атабыз”, - деди ал.




АКШнын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинен Associated Press жана CNN маалымдагандай, 5-ноябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен Дональд Трамп жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270ден кем эмес добушун алып, атаандашы Камала Харристен озуп чыкты. Соңку маалыматтар боюнча Трампка берилген добуштардын саны 277 болду.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктап, телеграмма жолдоду.


Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.


Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек. (BTo/TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus