Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ливан Израилдин соккусунан дагы 20 киши каза болгонун кабарлады

Ливанда Израилдин соңку соккуларынан дагы кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылганын 6-ноябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Reuters кабарлады. Чабуул борбор калаа Бейруттун түштүгүнө урулганы, турак үй талкаланганы белгилүү болду.


14 киши жараат алганы, жабыркагандар көбүрөөк болушу ыктымал экени, анткени урандыларды тазалоо иши уланып жатканы кабарланды. 


Бир жыл мурда бир күндө 1200дөй кишисинен айрылган кандуу кол салуудан кийин Израил Газада жана Ливанда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы күрөшүп жатканын билдирүүдө.


"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.


Ливандын аймагында, бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, соңку бир жылда Израилдин чабуулдарынан кеминде 3 миң адамдын өмүрү кыйылды, дагы 13 миндей киши жараат алды. Ал эми Газада каза тапкандар 43 миңден ашканын палестин өкүлдөрү кабарлоодо. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus