Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Токаев Орусияны айланып өтүүчү коридорду пайдаланууга чакырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде Кытайдан Европага Орусияны айланып өтүүчү каттамды чыңдоо Түрк мамлекеттери уюмунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. Бул тууралуу ал ТМУнун 6-ноябрда Бишкекте өткөн саммитинде сүйлөгөн учурда айтты. Ал Борбор Азия өлкөлөрү, Каспий деңизи жана Түштүк Кавказ аркылуу өткөн "Орто коридордун" потенциалын толук колдонууну сунуштады. 



"Түрк дүйнөсүнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн "Орто коридордун" потенциалын толук пайдалануу зарыл. Анын стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан, жүк ташуу жолдору боюнча биргелешкен келишим түзүү зарыл. Мындай кадам туруктуу өнүгүүнү камсыздайт. Уюмдун катышуучулары бул демилгени колдойт деп ишенем", - деди ал.



Токаев мындан сырткары түрк дүйнөсүндө маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн биргелешкен кабелдик телеканалдар тармагын уюштуруу зарылдыгын билдирди.




6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өттү.



ТМУнун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев саммиттин алкагында кол коюлган 16 документ түрк кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошорун билдирди.



Ушуну менен уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.



Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, ошондой эле уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.



Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus