Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан жогорку окуу жайларда венгриялык студенттер үчүн 100 орун бөлөт

Кыргызстандын окуу жайларына венгриялык студенттер үчүн 100 орун бериле турган болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен Бишкектеги жолугушууда айтты. Мамлекет башчы эки өлкөнүн кызматташуусунда билим берүү жана маданият маанилүү ролду ойной турганын айтып, Stipendium Hungaricum программасы өзүнүн натыйжасын далилдегенин белгиледи.



"Биз венгер студенттерине университеттерибизде билим алууга мүмкүнчүлүк берүү менен аны кеңейтүүгө даярбыз. Бул билим алмашуу жана элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биздин студенттер Венгриянын эң мыкты университеттеринде билим ала аларына сыймыктанабыз. Кыргыз тарап Кыргыз Республикасында венгриялык студенттерге 100 стипендиялык орун берип жатканын кубануу менен билдиребиз", -деди Жапаров.



Сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге: стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга, өкмөттөр ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга, кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган, 2025-2027-жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.




Венгриянын премьер-министри Виктор Орбон Бишкекке 5-ноябрда расмий сапар менен келди. Ал 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.



Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.



Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр августта Венгрияга иш сапары менен барган. Сапардын алкагында Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерин талкуулаган.



Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus