Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түрк мамлекеттери Улуттук банктар кеңешин түздү

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү меморандумуна кол коюлду. Документ Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында түзүлдү.



Меморандумга Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжан Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстан Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту. Бул тууралуу 6-ноябрь күнү Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдады.



Маалыматка ылайык, аталган кеңеш - түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн улуттук банктарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен кеңешмелерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.


6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтүп жатат. Бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтөрү кабарланган.



Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.






Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus