Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек-Торугарт жолундагы ашуулар жабык, "Сосновкада" чектөө алынды

Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Кум-Бел жана Ак-Бейит ашуулары аркылуу автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.



Транспорт жана байланыш министрлиги 6-ноябрда маалымдагандай, аталган ашууларга 20 см калыңдыкта кар жааган. Учурда №957 жол тейлөө башкармалыгынын жумушчулары жолду кар күрткүсүнөн тазалап, кум-шагыл себүү иштерин жүргүзүүдө.



Ушундай эле кар күрткүсүнөн улам Суусамыр - Талас - Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда да дөңгөлөктөрүнүн чынжыры жок жүк ташуучу автоунаалар өтө албай, чогулуп калган. Учурда карды тазалоо иштери жүрүп жатат.



Төө-Ашууга кире бериштеги Сосновка постунда жүк ташуучу автоунаалардын кыймылына киргизилген чектөө 6-ноябрда саат 8:30дан тарта алынды. Жүк ташуучу унааларга ашууга чыгууга №9 Жол тейлөө башкармалыгынын техникалары көмөктөшүүдө.



Транспорт жана байланыш министрлиги "Сосновка", "Арал" жана "Чычкан" постторунан тайгалакта жүрүүгө ыңгайлашпаган автоунаалар ашууларга кое берилбей жатканын эскертүүдө.



Аталган министрлик ашуу аркылуу жүрүүчү бардык унаалардын айдоочуларынан кышкы дөңгөлөктөр менен атайын чынжырларды, күрөк жана башка жолго керектүү шаймандарын, тамак-аш, суу ала жүрүүгө чакырууда.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus