Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Грузияда шайлоо жыйынтыгына каршы акция уланууда

Грузияда бүгүн, 5-ноябрда оппозициянын өлкөдө жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы акциялары уланууда. Кайра шайлоо өткөрүү талабын койгон миңдеген кишилер 4-ноябрда борбор калаа Тбилисиде чогула баштаган.


Бүгүнкү митинг Апелляциялык соттун имаратынын алдында өтөрү жарыяланды.


"Азаттыктын" грузин кызматынын маалыматына караганда, добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоо эрежеси бузулгандыгы жүйө келтирилип, 30 участоктогу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Райондук сотто териштирүү жүргүзүлүп, өлкөнүн түштүгүндөгү Тетрицкаро жана Цалка райондорундагы айрым бекеттердеги добуш берүүнүн жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар болгондугу аныкталды.


Борбордук шайлоо комиссиясы райондук соттун бул чечимине каршы арыз бергени белгилүү болду. Бирок, талдоочулар белгилегендей, шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санатуучу жагдай түзүлүп калганы анык.




26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.


Борбор калаа Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген кишилер көчөгө чыгып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген. Тынч митингге чогулууга грузиялыктарды президенти Зурабишвили чакырган. Ал: "Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук", – деп айткан.


29-октябрда АКШ, Канада жана Швеция өлкөлөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы талаш жаратып жаткан Грузиянын бийлигин сындап, жапырт мыйзам бузууларга, бурмалоого жана Москванын кийлигишүүсүнө жол берилгенин белгилешкен.


Орусия Грузиядагы шайлоого кийлигишпегенин билдирүүдө.


29-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы болжолдуу тандалган беш шайлоо участогундагы бюллетендер байкоочулардын көзүнчө кайра эсептелип чыгарын билдирген. Жалпысынан бул шайлоодо өлкөдө 84 участок ачылган. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus