Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктады

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы CASA-1000 долбоорунун курулушу аяктаганын 5-ноябрда билдирди. Мекеменин башкы директору Алтынбек Рысбеков долбоордун алкагында Кыргызстанда “Датка” көмөк чордонундагы ячейканын курулушу толук бүткөнүн, 1 миң 243 электр мамысы орнотулуп, 456 чакырымга зымдар толугу менен тартылганын тактады.


“Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган. Ал Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзүү менен бирге биздин өлкө үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди ал.


CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясы Кыргызстан өз керектөөсүнөн ашыкча иштеп чыккан жайкы мезгилде экспорттолот.


Мындан тышкары CASA-1000 долбоорунун жергиликтүү жамааттарды колдоо программасынын алкагында зымдар тартылган айылдарда социалдык объектилер курулуп, электр тармактары жаңыртылып, жаңы мамылар орнотулган.


CASA-1000 - Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо багытында ишке ашып жаткан долбоор. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донор 2014-жылы жактырган жана чечим 2018-жылдан баштап күчүнө кирген.




2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев CASA-1000 долбоорун аткаруу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, курулушту ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алмак.


Ошол учурда кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын билдирген. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган.


Тажикстан долбоор алкагында өз аймагында курулуучу линияларды 2016-жылы сала баштаган. Кыргызстандагы линиялардын курулушу 2021-жылдын апрелинде жанданган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus