Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-ноябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндуз 15…20;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 5…7°, күндүзгү температурасы 18…20° болот.