Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Социалдык тармактын колдонуучусу Айтилек Орозбеков кармалганы кабарланды

Социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн Айтилек Орозбеков деген жаран кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны 1-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып таккан.


“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып коюлуптур. Ал бийликти жамандап жазган окшойт. Саат беште сотто бөгөт чарасы каралат. Ал күнөөнү мойнуна албайт, “эч кандай чакырык кылган эмесмин” дейт. Анын жазгандарын жакынкы күндөрү экспертизага жөнөтүп, чакырык бар же жокпу аныктайт экен”, - деди адвокат Исмаил Каримжанов.


Ал эми Айтилектин досумун деп тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган жаран Айтилек Орозбеков Тик Токтогу видеосу жана Бүтүн Кыргызстан партиясынын мүчөсү болгону үчүн кармалганын билдирди.




Атайын кызмат Айтилек Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.


Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы, кийин “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын мүчөсү болгон.


Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет.


“Азаттык” былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул адамдын тизмесин жарыялаган. Иш ачылгандардын арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. (MKt)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus