Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Испанияда селден каза болгондор кеминде 205ке жетти

Испанияда сел каптаган аймакта каза болгондор кеминде 205ке жеткенин 1-ноябрда Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады. Куткаруучулар барууга мүмкүн болбой калган жерлерге жетүүгө аракет кылып, каза тапкандардын сөөгүн  убактылуу өлүкканаларга жеткирип жатышканы маалымдалып, мындай апаат Европада соңку элүү жылдан бери биринчи жолу катталганы белгиленүүдө.


Өлкөнүн чыгышындагы Валенсия аймагында өзгөчө оор абал түзүлүп турат. Аман калгандарга жардам берүү, дайынсыз жоголгондорду издөө иштерине бул жерде 500дөй аскер кызматкери көмөктөшүүдө.




Бийлик өкүлдөрү курмандыктар саны мындан да көбөйүшү ыктымал экенин эскертишти.


Ушунчалык оор кесепетке алып келген сел каптоо Испаниянын жаңы тарыхында боло элек эле.


Суу каптаган аймактын үстүнөн дрон менен тартылган видеодон жана сүрөттөрдөн темир жолдорго барып такалып, топтолгон унаа каражаттарын, кайыктарды көрүүгө болот.


Шаршембиде башталган нөшөрдө жаан-чачындын бир жылдык нормасы сегиз саат ичинде жаап, үйлөр, дүкөндөр, мектептер жана башка маанилүү инфраструктура жарактан чыкканы, 75 миңдей абонент электр жарыгысыз отурганы кабарланды.


Европада буга чейин эң көп адам каза тапкан суу каптоо Румынияда 1970-жылы болгон. Анда 209 өмүр кыйылган. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus