Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдеген топко кол салуудан төрт бала каза тапты

Пакистанда балдарды шал оорусуна (полиомиелит) каршы эмдеп жүргөндөргө кайрадан кол салуу болгонун "Машаал" радиосу полициянын маалыматына таянып билдирди. Бүгүн 1-ноябрда түрдүү окуялар көп катталуучу, тынч эмес Белужистан провинциясындагы Мастунг шаарында эмдөөчү бригаданын коопсуздугун камсыздаган полициянын машинасы медицина жайына жакындап калган учурда жолдун боюнда жарылуу болду.


Натыйжада төрт бала, бир полиция кызматкери мерт кетти, 15 киши жараат алды, алардын үчөө күч кызматкери.


Полиция өкүлү Миадад Омрани "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жергиликтүү кызматына маалымдагандай, жарылуу болгон жердин жанында кыздар окуган мектеп бар, ошол учурда жанынан окуучуларды ташыган унаа кетип бараткан.




Премьер-министр Шахбаз Шариф жана Белужистандын башкы министри Сарфраз Бугти кол салууну айыптап, өлкөнү түрдүү согушкерлерден тазалоону убада кылышты.


Азырынча бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.


 


Эки күн мурда Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында да шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан дарыгерлерди кайтарган эки полиция кызматкери өлтүрүлгөн. Аларга ок чыгарган үч киши ошол жерден жок кылынганы кабарланган.


Ислам динине жамынган экстремисттер «Шал оорусуна каршы эмдөө мусулман балдарын тукумсуз кылат» деген шылтоо менен эмдөө өнөктүгүнө бут тоскон, дарыгерлерге жана ыктыярчыларга кол салып, жардырып, өлтүргөн окуялар бул өлкөдө көп катталат.


Пакистан менен Ооганстан — дүйнөдө шал оорусу толук жоюла элек жалгыз эки өлкө.


Жаратылыш кендерине бай Белужистан быйыл жыл башынан бери бир нече жолу куралдуу чабуулга кабылды.


Бул аймакта Пакистан өкмөтү өзүн «Белужи боштондук армиясы» (BLA) деп атап алган жикчил топко (АКШда глобалдык террордук топ деп жарыяланган) каршы күрөшүүдө. (RK)




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus