Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Венеция комиссиясы кыргыз өкмөтүн “чет элдик өкүл” мыйзамын артка кайтарууга чакырды

Европа Кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы кыргыз өкмөтүн "чет элдик өкүл" деген атка конгон "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга чакырды.


Комиссиянын 14-октябрда жарыяланган корутундусунда аталган мыйзам эл аралык стандарттарга шайкеш келбей турганы, Орусия, Грузия сыяктуу бир канча мамлекетте кабыл алынган же сунушталган талаштуу "чет элдик агент" мыйзамдарына окшош экени белгиленген.


“Корутундуга ылайык, талдоого алынган мыйзам эл аралык стандарттарга, өзгөчө сөз эркиндиги менен бирикмелерге мүчө болуу эркиндигине байланыштуу стандарттарга жана басмырлоого каршы принципке толук шайкеш келбейт. Мунун бир нече себеби бар. Алардын айрымдарын атап өтөйүн. Биринчиден, мыйзамда аныктамасы бүдөмүк бир катар терминдер бар. Алардын бири - “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюм” деген термин. Аныктамасы бүдөмүк жана өтө кеңири мааниде болгондуктан бул термин көп нерсени өзүнө камтып калышы мүмкүн. Андан тышкары мамлекеттик органдарга, өзгөчө Юстиция министрлигине кеңири ыйгарым укук берилген. Ошондой эле мыйзамдын кандай негиздүү максаты болсо да, ал максат менен документте көрүлө турган чаралар пропорционалдуу эмес”, - деп билдирди “Азаттыкка” корутундунун авторлорунун бири, эл аралык укук боюнча чехиялык адис, профессор Вероника Билкова.


Маалыматка ылайык, “чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзамын талдаган бул корутунду Венеция комиссиясынын 11-12-октябрда өткөн 140-пленардык сессиясында колдоо тапкан. Корутундуну Вероника Билковадан тышкары исландиялык, америкалык жана босниялык адистер даярдашкан


14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.


Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.


Ал 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus