Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ХАМАС лидери Синвардын өлүмүн ырастады

Иран колдогон, АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган ХАМАС тобу лидери Яхья Синвар каза болгонун тастыктады. Бүгүн 18-октябрда топтун башчысынын орун басары Халил ал-Хайя телевизиондук кайрылуу жасап, Синвар Газада өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты ырастады.


ХАМАСтын атынан ортомчулар аркылуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жүргөн ал-Хайя бул кайрылуусунда Израилди жээк тилкесиндеги согушун токтотууга, аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.




Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарында 17-октябрда «үч террорчу аныкталып, жок кылынганын», алардын бири Синвар экенин жарыялаган.


Синварды Израил бийлиги ХАМАС менен азыркы согушунун тутанышына түрткү болгон бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучусу деп эсептейт. Үч айга жетпеген убакыт аралыгында топ экинчи жолу башчысынан айрылды. Синвар ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп быйыл 6-августта дайындалган. Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.


Газадагы согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus