Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

DRL Кыргызстанды Temirov Live боюнча өкүмдү жокко чыгарууга чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросу (DRL) Кыргызстанда Temirov Live долбоорунун журналисттери түрмөгө камалып, шарттуу соттолгонун айыптайт. Бул тууралуу мекеменин 18-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.


#Журналистика кылмышЭмес деген хэштег менен жарыяланган билдирүүдө:


«Биз кыргыз өкмөтүн апелляциялык кайрылууларды тез арада карап чыгууга, камалгандарды бошотууга жана бардык өкүмдөрдү жокко чыгарууга, ошондой эле көз каранды эмес журналистикага жасалып жаткан болуп көрбөгөндөй басымды токтотууга чакырабыз», - деп белгиленди.




Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист быйыл январь айында кармалган.


10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга жана кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров үч жылга шарттуу соттолуп, камактан бошотулду. Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбеков күнөөсү жок деп табылды.


Сот өкүмүндө күнөөлүү деп табылгандар “видеоматериалдарында бийликти жаманатты кылып”, “жапырт башаламандыкка кыйыр түрдө үндөгөнү” айтылды.


Адвокаттар сот өкүм чыгарганда ошол видеолорду талдоо үчүн мамлекет жалдаган лингвист адистер менен саясат талдоочулар чыгарган “негизсиз бүтүмгө” таянганын белгилешти.


Өкүмдү бир катар эл аралык уюмдар, өлкөлөр айыптап чыгышты.


Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген жана жогоруда аталган журналисттер менен активисттер тууралуу "жалган маалымат, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материал тараттырып жатышканын кантип танышат" деп айткан. (RK)




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus