Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Футбол: Кыргызстан Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утту

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунда Түндүк Корея курамасын 1:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болду.


15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн оюнда Кыргызстан курамасынын коргоочусу Кристиан Браузман 12-мүнөттө гол киргизди. Бул команданын аталган тандоо оюндарындагы алгачкы жеңиши болуп калды.


Буга чейин кыргызстандык футболчулар үч беттеш өткөргөн. 5-сентябрда Кыргызстан Иранга 0:1, 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде, 10-октябрда Катарга 1:3 эсебинде утулган.


Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.


Катарлаш беттеште Өзбекстан БАЭни 1:0 эсебинде утту. Иран Катарды 4:1 эсеби менен жеңди.


4-турдан кийин ондон упай топтогон Иран менен Өзбекстан тайпада биринчи жана экинчи орунда, төрттөн упай чогулткан Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Катар үчүнчү, төртүнчү орунда турат.  Кыргызстан 3 упай менен 5-катарга көтөрүлдү. 6-орундагы Түндүк Кореяда эки упай бар.


Эми Кыргызстандын курамасы 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен беттешет. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.


2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.


3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.


5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.


Тайпалардын тизмеси:



A тайпасы: Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.
В тайпасы: Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.
С тайпасы: Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.


 


Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар: Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет). (ECh\GT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus