14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Ошто Ак-Буура дарыясы ташып, жээкке жакын жайгашкан базарды каптады. Шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Аймакта сел агызып кеткен төрт киши изделип жатат.