АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Уюм 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн доллардан ашуун жардам көрсөткөн. Кыргызстанга аталган уюмдун өкүлү Зейна Салахи иш сапары менен келип, “Азаттыкка” маек курду.