Сот активист Айжан Мырсанды күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды
Мырсалиева бул чечимди саясий буйрук деп атап, Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын "Азаттыкка" билдирди.
Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция буга интернеттеги мониторингдин алкагында былтыр 16-мартта Тик-Ток социалдык тармагындагы @rinat_usupbaev деген аккаунтта жарыяланган Айжан Мырсалиеванын видеосу себеп болгонун айткан. Анын сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу болгону жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экени белгиленген.
Былтыр 23-июлда Айжан Мырсалиева жактоочусунун коштоосунда тергөө кызматына барып, ага байланыштуу иш-аракеттерге катышып кеткен.
Мырсалиева Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет. (TAb)