Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК "Тазалыктын" мурдагы жетекчиси кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Тазалык" ишканасынын мурдагы директору, Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Рысбек Сарпашев кармалганын билдирди.


Расмий маалыматка караганда, ага карата өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.



"Кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турганда жеке пайдасы үчүн, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу автоунаалар, самосвалдар, жүк ташуучу автоунаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында автоунааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн", - деп жазылат Атайын кызматтын маалыматында.



Соттук-бухгалтердик экспертизанын корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу "Тазалык" ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени айтылат.


УКМК мындай аракеттердин айынан атайын техника жана күйүүчү-майлоочу материалдар жетишпей, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын ишинде мүчүлүштүк кеткенин белгилеген.



Сарпашев УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.



Былтыр Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген.


Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Эсеп палатасы жана мэриянын Ички аудит башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө ишкананын 2019-2020-жылдардагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталган.



Борбор калаада таштанды маселеси курчуп, былтыр август айында мэриянын дарегине "Бишкек таштандыга толуп кетти" деген сын көбөйгөн. Ишканадагы “системалык коррупция”, “коррупциялык схема” боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган, жумушчулары митингге чыккан учурлар катталган.



"Тазалыкта" жалпысынан 1500 жумушчу, кызматкер иштейт. Ишканада соңку бир жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты.



Рысбек Сарпашев "Тазалыкты" 2014-2018-жылдары, экинчи жолу 2019-2021-жылдары жетектеген. 2018-жылдын август айынан 2019-жылдын октябрына чейин Бишкектин вице-мэри болуп турган. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus