Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар көчүрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.



Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп, 18 турак турак жайга коркунуч пайда болгон.


Көчкү үйлөргө 300 метрдей гана жетпей калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Маалыматка караганда, көчкү түшкөн аймак Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.



Буга байланыштуу тургундарды коопсуз жайга көчүрүү үчүн 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, бир ХОВО, беш портер, үч КамАЗ, бир жүктөгүч жана жеке автоунаалар тартылган.



Жеринде көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды. Мындан улам Карл Маркс айылына биринчи даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды.






Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылдын 5-сентябрында Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 үйдүн жашоочуларын көчүрүү керектиги сунушталган.



2017-жылы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жүргөн жер көчкү жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.



Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus