Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияда расмий сапары менен жүрөт. Будапешт - мамлекет башчынын Европа өлкөлөрүнө жасаган биринчи сапары болуп калды.
13-февралда Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушту. Алар алгач бетме-бет форматта, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшкөн. Президенттер эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду.
Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков эки өлкөнүн саясий жана экономикалык мамилеси Европадагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы экенин айтып, президенттин визити тууралуу мындай деди:
“Сегизге жакын документке кол коюлат. Анын ичинде саясий жагынан алганда эки өлкөнүн стратегиялык карым-катышын өнүктүрүү боюнча документ бар. Андан тышкары министрликтердин ортосунда түз байланыш түзүлсүн деген мааниде беш меморандумга кол коюлат. Андан тышкары бизнес форум өткөрүп атабыз. Ага Кыргызстандан 50гө жакын ишкерлер келди. Алар да келишимдерге кол коёт деген үмүтүбүз бар. Бул президенттин Европа өлкөлөрүнө биринчи сапары. Венгрия чакан болсо да Европада өзүнүн орду, доору бар”.
Кыргызстандын делегациясында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, элчи Талантбек Кушчубеков, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен юстиция министри Аяз Баетов бар.
Талантбек Кушчубековдун сөзүнө караганда, Венгрияда миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын 400гө чукулу студенттер. Расмий Будапешт жыл сайын кыргызстандыктарга Венгриянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарды бөлөт. Акыркы жылдары бул өлкөдө иштөө үчүн барган мекендештер да көбөйүп жатканы айтылды.
“Күн сайын Венгрияга жок эле дегенде 4-5 киши учуп келүүдө. Венгрияда жумушка орноштуруу менен алектенген фирмалар бар. Кыргызстанда да өкмөттөн лицензия алган фирмалар келишим түзүп алып кыргызстандыктарды жумушка жөнөтүп атышат. Бардыгы мыйзамдуу болсо экен деп аракет кылып атабыз. Мыйзамдуу келсе бардык шарты болот”, - деди Кушчубеков.
Венгриянын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун бериле турган болду.
"Биз мындан ары да бул багытта кызматташууну бекемдөөгө даярбыз. Ушул күндөрү Будапештте алгачкы жолу кыргыз-венгер ректорлорунун жыйыны өтүп жатат. Бул эки өлкөнүн окуу жайларынын тыгыз кызматташтыгына негиз болуп бере алат деп ишенем", -деди президент Жапаров.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров 13-14-февралдагы расмий сапарында Венгриянын ишкерлери менен да жолугат.
Эки өлкө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы, билим берүү тармактарында өз ара кызматташууну, анын ичинде эркин экономикалык аймактардын ишмердиги жөнүндө тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө басым жасап жатат.
Ошондой эле "Будапешт-Бишкек-Будапешт" багыты боюнча түз аба каттамын ачуу боюнча ишти улантууну макулдашты. Кыргызстандын жарандарынын Венгрияда ишке орношуусу үчүн шарттардын жеңилдетүү тууралуу дагы сөз болгон.
2021-жылы Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылган. Венгрия уставдык капиталы 16 миллион доллар болгон фонддун каражатын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген.
Венгрия Евразия континентиндеги мамлекеттер менен кызматташып, бул чөлкөмдөгү ар кандай уюмдардын саммиттерине катышып турат.
Саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз бийлиги тышкы мамиледе көп векторлуу саясат жүргүзө турганын кайталаганы менен ал толук ишке ашпай жатат деген пикирде.
“Венгрия кайсы бир маселелер боюнча Европа өлкөлөрүнө эмес Евразия жана Борбор Азияга жакын өлкө болуп калды. Канча жылдан бери түрк тилдүү элдердин жыйынына катышып келатат. Орусия менен өтө ынак мамиледе. Андыктан бул Венгрияга болгон жооп сапар десек болот. Анткени Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга келип кеткен. Демек Венгрия боюнча мамиле башка. Ал эми ошол эле Брюссель, Улуу Британия, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн тышкы саясатта башкача көз караштары бар. Биз алар менен карым-катышта аябай жай баратабыз”.
Венгрия 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 16-апрелинде түзүлгөн. 2020-жылдын февраль айында Бишкекте Венгриянын, 2021-жылдын октябрында Будапештте Кыргызстандын элчилиги ачылган.