Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ондон ашык саясатчы, активист 48 саатка камалганы кабарланууда

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды. 


23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакыноппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Абдирасулова алардын жакындары, адвокаттары менен такай байланышта болууда.


Социалдык тармактарда журналист Айданбек Акмат уулу, саясатчы Канат Исаев, Азимбек Бекназаров, активист Айбек Бусурманкулов милицияда сурак берип жатканы кабарланууда. Бирок бул маалымат  расмий ырастала элек. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.


22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өттү.


22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus