Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Текебаев саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча пикирин билдирди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев үйү тинтүүгө алынып, суракка алынган саясатчы, активисттер тууралуу пикирин билдирип, аларды үй камагына чыгарып ишти ар тараптуу тергөөгө чакырды. Текебаев Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизет Суранова мыйзам бузууга барбай турганына ишенерин айткан.


“Коркутуп, үркүтүү, кармоо, камоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка эмес, туңгуюкка алып барат. Муну биздин акыркы отуз жылдык тарыхыбыз көргөздү”, - деди Текебаев.


Текебаев бир топ жылдардан бери жетишкен демократия, сөз эркиндигин сактоого чакырды. Элчи "бийликти курал менен кулатуу аракети аныкталгандарды жоопкерчиликке тартуу керектигин" кошумчалаган.


23-октябрда эртең менен бир нече оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып, айрымдары милицияга жеткирилди.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жалпы 18 активист, саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын кабарлоодо. Социалдык тармактарда укук коргоочулар учурда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Канатбек Исаев, активисттер Рита Карасартова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро 48 саатка кармалганын жазып жатышат. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.


Кечээ саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнү маалымдалган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өттү.


22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus