Кадамжайда шектүүлөрдү кармоо учурунда атышуу болуп, бир киши каза болду
Милициянын маалыматы боюнча, кармалган 19 жаштагы шектүү кармоо учурунда каршылык көрсөтүп жатып каза болгон шериги менен кылмыш жасаганын айтып берген. "Окуя болгон жерден курал, ок-дарылар алынды. Тергөө уланууда",- деп билдирет облустук милиция.
19-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө байланыштуу милиция Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козголгон. Маалыматка караганда, 29 жана 61 жаштагы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургундарын 18-октябрдын түнү белгисиз адамдар атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалган. Кылмышка баргандар алардын сарайын өрттөп, короодо токтоп турган "Хонда-СРВ" автоунаасын да өрттөөгө аракеттенип качып кетишкен.
Ата-бала ошол жерде каза болгон. Жараат алган аял райондук ооруканада жатат. (TSh)