Добавить новость

Матч «Факела» и «Динамо» на Адмиралтейской площади смотрели более 2000 человек

Вдовец Заворотнюк Чернышов начал судиться с застройщиком из-за ее квартиры

"Динамо" со счетом 3:1 обыграло "Факел"

Бобровский сожалеет, что не сможет привезти Кубок Стэнли в Россию

World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Ар кимдин үйүндө мусапырбыз". Курулушту күткөн баткендиктер

Баткендин тургундары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдү куруу иштери кечигип жатканын айтып арызданышууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, социалдык объектилерди калыбына келтирүү баштала электиги айтылды.

Жергиликтүү эл суук түшсө тууган-туушкандарыныкында көчүп конуп жүрүү оор болорун, ушундан улам курулушту тездетүүнү суранды. Өкмөт турак жайлар пландалган мөөнөттө бүтөт деп убада берип жатат.

Курулушу баштала элек үйлөр

Баткен районундагы Көк-Терек айлынын тургуну Зебрениса Матосоева сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылыштан бери үй-бүлөсү менен ары-бери көчүп жүрөт. 2021-жылы апрель айындагы чек ара чатагынан кийин кыргыз өкмөтү салып берген үйү быйылкы жаңжалда кайра өрттөлгөн.

“Өрттөнгөн үйлөрдүн ордун тазалап койгон. Ошол бойдон курулуш иштери баштала элек. Башка жаңылык деле жок. Үйүбүз жок азыр ар кайсы жерде, ар кимдикинде кыйналып жүрөбүз. Эрте бүтүп кирип алсак жакшы болмок да. Бирок кээ бир адамдар “үй салып берсе деле айылга кайра барбайбыз” деп жатышат. Коопсуздугубузду эч ким карабайт. Кечээ жакында болгон чырда да өзүбүз эле араң качып чыктык”.

Көк-Терек айылынын дагы бир тургуну Умида Абдубалиева да кыргыз-тажик чек арасындагы чырда там-ташынан айрылды. Ушул күндөрү эки баласы, оорукчан күйөсү менен Баткен шаарында баш калкалап жатат. Ал да айылдын тургундары кайра кайтып баруудан коркуп жатышканын, үйлөрдүн курулушу баштала электигин айтып берди.

“Эл эч нерсени түшүнбөй жатат. Күйүп кеткен үйлөрдү түрттүрүп коюптур. Бирок анын ордуна жаңы үй салынып баштала элек. Иниме барып көрүп келели, оокаттарыбыз калган болсо алып келели деп баргам. Бирок эч нерсе калбаптыр. Тамдын дубалы да жок. Баламдын бешигин кошуп уурдап кетишиптир. Кошунамдын уюн да алып кетишиптир”.

Расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-октябрга карата 398 тамды бузуп тазалап, курулуш таштандыларын чыгарды. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда куруп бүтүрүүгө убада берген.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев Баткенди калыбына келтирүү иштери тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, турак жайларды куруу иштери боюнча мындай деди:

“Финансы министрилигинен бизге 3 млрд. сомдой каралды деп айтылды. Курулуш иштерин аткара турган жалданма ишканага (подрядчик) ишти жасасын, бир мүнөт да турбасын деп 500 млн. сом котордук. Казган жерин, дубалын койгонун баарын көзөмөлдөп турабыз. Анан курулушту тез бүтүрсүн деп атабыз”.

Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болушкан. Алардын 6 миңдейи дагы деле үйлөрүнө кайтып бара элек.

Финансы министрлиги үй-жайынан ажыраган Баткен облусунун тургундарына убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилерин жарыялады. Куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөнү маалым болду.

Баткенде жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 320 млн. сом чогулган. Бул эсеп элдин демилгеси менен түзүлүп, элден, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которушкан.

Социалдык объектилер да салынбай турат

Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы жыйынында депутат Камила Талиева социалдык объектилерди калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканын айтты.

“Иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иши башталды. Ал эми социалдык объект болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөт имараты боюнча тендер баштала элек али. Кылычын кармап кыш келатат, 1,5 ай убакыт калды. Ушуну эртелетсеңиздер”.

Коогалаңда 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик автоунаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

“Баткенди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия иштеп жатат. Анын жыйынында АРИСтин жетекчиси Марс Наспеков “биз банктар менен сүйлөшүп гранттын эсебинен социалдык объектилерди салып бергенге даярбыз” деп айткан. Мен долбоорлорду тезирээк даярдап өткөрөлү деп сүйлөшүп атам. Тиешелүү документ иштери бүтсө эле социалдык объектилердин курулушу башталат”, - деди Нуртазин Жетибаев.

Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары болсо толугу менен жаңыдан курулганы калды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, эки айылда жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Жаңы салынган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыкканда ээлерине акысыз берилет.

Баткендеги соңку каргашанын айынан коопсуз жакка чыгууга мажбур болгондордун 6 миңден ашууну дагы эле үйүнө кайта элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 11-октябрдагы маалыматына караганда, 1083 адам убактылуу кабыл алуучу жайларда, 4871 киши жергиликтүү тургундардын үйүндө баш калкалоодо.

Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 130 650сү үйүнө кайтты.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айып койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, каза болгон 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Правительство РФ одобрило проект договора об общем энергорынке с Белоруссией

Танцуем ча-ча-ча. В Москве проходит фестиваль Латинской Америки

Суздаль — музей под открытым небом

Валиуллин: Очень сложно сказать, сколько существует списков с Казанской иконы

Музыкальные новости

Мужской волейбольный клуб "Держава" оказался в семёрке сильнейших команд России

Собянин рассказал, какие современные технологии используются при строительстве метро

Сергей Собянин сообщил о начале реставрации фасадов дворца Дурасова

Дональд Трамп изменил обращение к съезду республиканцев после покушения

Новости России

"Динамо" и "Факел" назвали стартовые составы на матч первого тура РПЛ

Г.А. Зюганов: Нгуен Фу Чонг делал все для стратегического партнерства Вьетнама и РФ

Запчасти выходят на второй круг

Посол Антонов: Гершкович осуждён за шпионаж, а не журналистскую деятельность

Экология в России и мире

Подсчитано, насколько подорожали авиабилеты на российские курорты: если вы ещё не купили билет, то вы опоздали

Жаркий движ «Браво, артист» на Черноморском побережье

Семьи работников заводов АО "Желдорреммаш" стали призерами федерального конкурса «Это у нас семейное»

Спа-наслаждения от Canopy by Hilton Seychelles

Спорт в России и мире

Рублева призвали успокоиться

Экс-теннисист Ольховский: победа Медведева над Синнером была неожиданной

Уроженка Самарской области выступит на Олимпиаде в Париже

Панова и Сизикова вышли в финал турнира WTA в Палермо в парном разряде

Moscow.media

Нарколог рассказал о связи алкоголя и слабоумия

Пермский маньяк-людоед трудоустроился в приют для животных

После вмешательства транспортной прокуратуры восстановлено техническое состояние объектов железнодорожной инфраструктуры

Иван-Чайное настроение....











Топ новостей на этот час

Rss.plus






День семейного здоровья пройдет в поликлинике № 6 в Мытищах 20 июля

Матч «Факела» и «Динамо» на Адмиралтейской площади смотрели более 2000 человек

Трамп заявил, что держал в страхе Москву

Бобровский сожалеет, что не сможет привезти Кубок Стэнли в Россию