Ирак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кетти
Анын айтымында, репатриация үчүн өкмөт 18-ноябрдан бери Беларустан Багдадга 10 каттам уюштурушту.
Атайын басма сөз жыйынына Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис да катышып, Иракка Литва жардамдашканын маалымдады. Кайтарылгандардын 100 чактысы Литвадан алып келинген.
Чек ара аймактарында учурда канча жаран калганы белгисиз.
Былтыр жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтара баштаган. Жакынкы Чыгыштан, анын ичинде көбүнчө Ирактан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап келген.
Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо. (ErN)