Сербияда шайлоочулар өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсүнө жол берген Конституцияны колдоду
Өзгөртүүдө сотторду жана прокурорлорду мындан ары шайлоо менен тандоо каралган. Өкмөт бул алардын көз карандысыздыгына алып келерин жана саясий таасирди азайтарын маалымдаган.
АКШ жана Европа мамлекеттери бул өзгөртүүнү жактап, ал балкан өлкөлөрүнүн Европа Биримдигине кирүүсүндөгү эң маанилүү элементтердин бири катары баалашкан. Сербиянын президенти Александр Вучичтин өкмөтү калкты өзгөртүүлөрдү колдоого чакыршкан.
Сербия Батыш Балкан деп аталган алты өлкө ичинен калкынын саны көп, ири мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Босния жана Герцеговина, Косово, Монтенегро (Черногория), Түндүк Македония, Сербия жана Албания Евробиримдикке мүчө эмес. (ErN)