Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарды
Юруслан Тойчубеков 2015-жылы аталган мекемени жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. сом салык түшпөй калган деп айыпталган. ИИМ ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.
“Элдик лотерея” соода маркасы менен иштеген "Райдер Ассошиэйтс Лимитед" ишканасы мамлекетке 31 млн. сомду кайтарып берген.
Тойчубеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген. (МТа)