Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лукашенко Украинанын чек арасында орус-беларус машыгуусу өтөрүн жарыялады

Беларустун батыш жана түштүк чек араларында – Польша менен Украина менен чектешкен жерлерде Орусия менен Беларустун куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Александр Лукашенко кабарлап, анын себебин украин-беларус чек арасына Киев аскерлерин тартып жатканы менен түшүндүрдү.


Анын маалыматына караганда, машыгууларды өткөрүүнү Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен декабрда макулдашкан. Дүйшөмбү күнү анын ыкчам максаттары аныкталган. БелТА агенттиги Лукашенконун айткандарына таянып жазгандай, машыгуунун максаты Батыштын күчтөрү менен каршы турууга даярдыкты текшерүү болуп саналат.


Машыгуулардын так датасы айтылган жок. Ал “Союздук чечкиндүүлүк – 2022” деп аталат. Биргелешкен машыгуу өткөрүү Орусия Украинанын чек арасына аскерлерин тартып, ал бул өлкөгө бастырып кириши мүмкүн деген тушта белгилүү болуп жатат.


АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган.


Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.


Бул маселеге байланыштуу өткөн аптада Орусия менен Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Женевада, Брюсселде жана Венада жолугушуу өткөргөн. Ага карабай Орусия Батыштан Украинанын НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылган позициясынан кайткан эмес.


Батыш тарап муну “тапанчаны башка такап, шарт койгондой” кабыл алып, “Украина эгемен өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин” билдирип келет. (ErN)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus